Саясат

Президент Садыр Жапаров АКШ сенатору Гэри Питерсти кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанга иш сапары менен келген АКШ сенатору, Сенаттын улуттук коопсуздук жана өкмөт иштери боюнча комитетинин төрагасы Гэри Питерсти кабыл алды. Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий жана экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Сенатор менен учурашып, мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы жумушчу мүнөздөгү саясий мамилелердин өсүп жатканын жана эки тараптуу өз ара түшүнүшүү чыңдалып жатканын белгиледи.

Ал коопсуздук, демократия жана экономикалык өнүгүү маселелерине багытталган эки тараптуу күн тартиби мындан ары да конкреттүү мазмун менен толтурулат деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров сенатордун Кыргызстанга сапары парламенттер аралык кызматташууну активдештирүүгө түрткү берерине ишеним билдирди.

Өз кезегинде америкалык сенатор Гэри Питерс мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы жана мамлекеттер аралык мамилелерди жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын белгилеп, мамилелерди өнүктүрүүгө, достукту чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

Гэри Питерс эки тарапты кызыктырган бир катар тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары боюнча диалогду улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү