Саясат

Төрөбаев Беларусь премьеринин орун басары Анатолий Сивак менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жумуш сапарынын алкагында Беларусь премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак менен жолукту. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, анын жүрүшүндө тараптар түрдүү багыттардагы эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, эки тараптуу кызматташуу аркылуу дагы, интеграциялык өз ара аракеттенүү аркылуу дагы мамлекеттер аралык мамилелерди куруу боюнча олуттуу иштер аткарылууда.

Бирдиктүү интеграциялык мейкиндикте – Евразиялык экономикалык биримдикте болуу, ошондой эле КМШ мейкиндигинде эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсү эки тараптуу кызматташтыктын бардык потенциалын толук ишке ашыруу үчүн бекем негиз болуп саналат.

Кыргыз делегациянын башчысы өз ара сооданын көлөмү жыл сайын өсүп жатканын белгиледи. Алсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын көлөмү 110 млн доллардан ашуун сумманы түзсө, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 45 млн суммага жакын долларды түздү. Бул эсептер жогорку көрсөткүчтөргө жетишүү мүмкүндүгүн берет.

Өз кезегинде Анатолий Сивак Кыргызстан убакыт сынагынан өткөн дос экенин белгилеп, белорус тарап эки тараптуу кызматташууну мындан ары активдештирүүгө даяр экенин билдирди.

Бакыт Төрөбаев үстүбүздөгү жыл Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгиленип жатканын айтып, ага байланыштуу беларусь кесиптештерин куттуктап, эки мамлекеттин элинин жыргалчылыгы үчүн ийгиликтүү иш каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен инфраструктуралык жана кызматташтык долбоорлорун ишке ашыруу, ошондой эле бул багыттар боюнча өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты бекемдөө максатында Өнөр жай, ошондой эле транспорт жана логистика боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын алдында жумушчу топторду түзүүнү макулдашышты.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү