Борбор Азиянын лидер аялдары Астанада жолугушту

Борбор Азиянын лидер аялдары Астанада жолугушту. 19-июнда өткөн диалог “Инновацияларды жана технологияларды өнүктүрүүдө аялдардын ролу” деп аталды. Анда, инновация жана технологияны өнүктүрүү жөнүндө талкуу болду. Бул тууралуу gazeta.uz жазды.

Регионалдык платформа Өзбекстандын демилгеси жана БУУнун колдоосу менен 2020-жылы Өзбекстандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын лидер аялдарынын ортосунда аялдарга тиешелүү маселелер боюнча консультацияларды жана кызматташтыкты жүргүзүү үчүн түзүлгөн.

Быйыл диалогду Казакстан жетектеп жатат.

Жолугушууда аймактагы өлкөлөрдүн активдүү жана ишкер айымдарынын, академиялык жана илимий чөйрөлөрүнүн, бейөкмөт жана жарандык секторлорунун күч-аракеттерин бириктирүү, демографиялык өнүгүү, гендердик теңчилик боюнча кызматташууну кеңейтүү, туризм тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу, маданият, экология, соода жана санариптик технологияларды өнүктүрүү боюнча талкуу болду.

Жыйында Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген аялдар иштеп чыккан  инновациялык долбоорлор жана стартаптар көрсөтүлдү.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү