Ала-Арча көрүстөнүндө Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылат

5-июлда Ала-Арча көрүстөнүндө белгилүү кинорежиссер, СССРдин жана Кыргызстандын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болотбек Төлөнович Шамшиевдин эстелигин ачуу аземи болот.

 

Болотбек Шамшиевдин ысымы дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө белгилүү. Анын чыгармачылыгы 60-жылдардагы «кыргыз керемети» феномени менен ажырагыс. Ошол мезгилде кыргыздын жаш кинорежиссерлорунун чыгармачылыгы бүткүл союздук жана эл аралык кинофестивалдардын бийиктиктерин багындырган.

Болотбеков Шамшиев «Манасчы» жана «Койчу» даректүү тасмаларынын, «Караш-Караш окуясы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Бөрү зындан», «Снайперлер» көркөм тасмаларынын режиссеру. Болотбек Төлөновичтин чыгармачылыгында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган “Ак пароход”, “Эрте келген турналар”, “Фудзиямадагы кадыр түн” тасмалары өзгөчө орунду ээлейт. Анын тасмалары ар кандай эл аралык, ата мекендик кинофестивалдарда мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон.

Эстелик “Кыргыз керемети” деп аталып, кинорежиссердун уулу Чыңгыз Шамшиевдин демилгеси менен тургузулду. Идеяны кыргызстандык скульптор Тамила Маматова жана Багдад Калчаев жетектеген усталар ишке ашырышкан. Анда Болотбек Шамшиевдин 40 жашындагы элеси тартылган. Бул кыргыздар үчүн турмуштун маанилүү мезгили, ой токтотуп, жыйынтык чыгарып, өз жашоосун кайра карап, жаңы пландарды куруунун доору. Агайдын колунда улуу “Манас” эпосунун алгачкы басылмаларынын бири – кыргыз элинин акылмандык жана руханий казынасы турат.

Салтанатта кинорежиссердун үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын жогорку сыйлыгы болгон «Ак шумкар» ордени да тапшырылат. Дээрлик бир жыл мурун, 2022-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы Жарлыгы менен кыргыз элинин маданиятына кошкон зор чыгармачылык жетишкендиктери жана баа жеткис салымы үчүн Болотбек Шамшиевге көзү өткөндөн кийин Ак Шумкар” өзгөчө белгиси менен “Кыргызстандын баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган.

Орду: Ала-Арча көрүстөнү

Датасы: 2023-жылдын 5-июлу

Башталышы: 10:00

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү