“Ала-Арча” көрүстөнүндө Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылды

“Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, кинематограф Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

“Болот Шамшиев “Кыргыз кереметинин” режиссёрлорунун бири катары дүйнөлүк кинематографиянын тарыхына кирген залкар инсан. Анын эмгектери СССРде гана эмес, чет өлкөлөрдө дагы белгилүү болгон. Болот Шамшиев кыргыз киносу дүйнөлүк атактуу режиссёрлордун чыгармалары менен тең тайлаша аларын бир нече жолу далилдеди. Биз бул улуу кинорежиссердун инсандын руханий жактан өсүп-өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизген тасмаларында чоңойдук. Анын элеси замандаштарынын жүрөгүндө жашайт”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров өз сөзүндө.

Ал ошондой эле 2022-жылы президенттин Жарлыгы менен Болотбек Шамшиевге “Ак шумкар” өзгөчө белгиси менен эң жогорку “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылганын кошумчалады.

“Болотбек Шамшиевдин ысымы кыргыз маданиятында жана кино искусствосунда түбөлүк алтын тамгалар менен жазылып калат”, – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Болотбек Шамшиев "Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка атактуу кинолордун режиссёру болгон.

Болотбек Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында каза болгон.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү