Ош ОИИБ: Балдарды сууга түшүрүүдө коопсуздукту сактайлы

Ош облусунда балдардын сууга түшүүдөгү этиятсыздыгынан жыл сайын ондогон өспүрүмдөр каза болот. Ош облустук ички иштер башкармалыгы эскертет: балдарды кооптуу каналдарга, бассейндерге өзүн жалгыз жибербеңиз! Эскерте кетсек, 2020-жылы - 15, 2021-жылы - 19, 2022-жылы - 14 өспүрүм сууга чөгүп көз жумган.

 

Ош облустук ички иштер башкармалыгы атайын таасирдүү кыскача ролик тарткан

Сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери: 

- Агын сууларга, көлмөлөргө түшүүгө тыюу салынат;

- Сууга чоңдордун, ата-энелердин көзөмөлүндө гана түшүү керек;

- Мурда көрүп-билбеген, балыры көп жерге түшүүгө болбойт. Суунун тереңдиги көрүнбөйт. Бутка оролгон балыр сууга түшүүгө тоскоолдук жаратып, чөгүп кетүүгө жол ачат.

- Алыс сүзүүгө болбойт;

- Мас болуп сууга түшкөнгө болбойт;

- Баланы суу боюнда кароосуз калтырбагыла;

- Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;

- Күн бүркөө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлагыла;

- Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал. 


 

 

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү