Кыргызстан-Кытай: Телерадиоберүү жаатында кызматташуу өнүгүүдө
20-октябрдан 20-ноябрга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, DTV жана Кытай Эл аралык байланыш борбору биргеликте уюштурган “Жибек жолундагы он жыл” кытай тасмаларынын жана телепрограммаларынын атайын көргөзмөсү көрсөтүлүүдө.
Анын алкагында телекөрүүчүлөргө жогорку сапаттагы алты кытай киносу менен телепрограммалары тартууланып жатат. Мунун ичинде “Кытай сыры”, “Тарыхый жиптер”, “Жоокерлер саякаты” жана башка тасмалар бар. Ошондой эле, Кыргызстан менен Кытай ортосундагы телерадио көрсөтүү жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында ноябрь айында УТРК жетекчилигинин Кытайга иш сапары күтүлүүдө. Сапар алкагында Кытайлык “СиАйСиСи” деп аталган ири теле өндүрүү компаниясы менен УТРК ортосунда документалдык фильмдердин лицензиясын акысыз алуу жана техникалык жабдуу менен камсыздоо пландалууда.