Эки балалуу келинди өлтүргөн шектүү кармоо учурунда жок кылынды

Таласта үч адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармоо учурунда жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Милициянын маалыматына караганда, бүгүн, 24-майга караган түнү Айтматов районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 адамдын сөөгү табылган.

Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге келип, өлтүрүлгөндөр бир үй-бүлө – 26 жаштагы аял жана анын эки жана төрт жаштагы балдары экенин аныкташкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгондордун денесинен көптөгөн жаракаттар табылган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү аныкталып, ал мурда адам өлтүрүүгө аракеттенгени үчүн сот жообуна тартылган, Ак-Башат айылынын жашоочусу 1976-жылы туулган К.Н. болуп чыккан.

Ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө өзгөчө оор кылмышка шектүүнүн тоолордун арасына жашырынганы аныкталган. Кармоо учурунда кылмышка шектүү 1976-жылы туулган К.Н. жок кылынган.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү