Бекмурат Адылканов бүткүл россиялык сынакта лауреат аталды
Кыргызстандык Бекмурат Адылканов бүткүл россиялык "Большая перемена" сынагында лауреат аталды. Баш байге - Орусиянын алдыңкы окуу жайларында акысыз окуу жана Москвадан Владивостокко чейин поезд менен саякаттоо.
"Большая перемена" сынагына быйыл 30 өлкөдөн беш миллиондон ашык катышуучу кошулду, алар: 5-10-класстын окуучулары, колледж жана техникумдардын студенттери, педагогдор жана чет өлкөдөн келген окуучулар. Сынакта илимден баштап, искусство жана чыгармачылыкка чейин 12 багыт каралган. "Большая перемена" конкурсунун юбилейлик сезонунда - бардык жарыштар үй-бүлөлүк баалуулуктарга арналган. Ушул сынактарда мыкты көрсөткүчкө жетип, кыргызстандык Бекмурат Адылканов алдыңкы орунду ээлеп, лауреат аталды.
Бекмурат Адылканов - айтылуу спорт ишмери, СССРдин спорт чебери, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, дене тарбия жана спорттун отличниги Адылкан Бекболотовдун небереси, Адылкан Бекболотов атындагы боксту өнүктүрүү фондунун жетекчиси жана Бокс федерациясынын вице-президенти Аскар Бекболотовдун уулу.