Асема Маликова кол күрөш боюнча дүйнөдө экинчи болду
Азиянын төрт жолку чемпиону Асема Маликова кол күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта экинчи орунду багындырды. Ал финалда түркиялык спортчу менен беттешти. Машыктыруучусу - Талант Шадыбаев. Кол күрөш боюнча дүйнө биринчилигине 70тен ашык өлкөнүн спортчулары катышып жатат.