Черкес – “керкес”: Кыргызга кандаш элдер кимдер?
Белгилүү болгондой, кыргыздын R1a гаплогруппасы 63%дан ашат, аны арий же индоевропалык деп да аташат (R гаплогруппасы "Маль'Та Бойдо” аныкталган, ал 24 000 жыл мурун Сибирдеги Байкал көлүнүн жанында жашаган үч жашар бала болгон. Мал 'Та Бой белгисиз жагдайда каза болгонуна карабастан, анын геномунда азыркы америкалыктардын ата-бабалары жөнүндө маанилүү маалыматтар бар.
Мал'Та баланын сөөк үлгүлөрүнөн изилдөөчүлөр анын аталык R гаплогруппасынын алып жүрүүчүсү экенин аныкташкан.
Индиялык брахмандардан тартып, орус, поляк жана украиндерге чейин түрдүү элдер бул гаплогруппага таандык экени белгилүү. Бирок узун тизмедеги кайсы элдер кыргыздарга генетикалык жактан эң жакын?
Акыркы изилдөөлөр боюнча, төмөнкү гаплогруппалар кыргыздарда эң кеңири таралган: R-Z93 гаплогруппасы бизден 4000 жыл мурун пайда болгон, бул дээрлик 240 муун, Карачай-Черкес (74%), башкырлар (67%), кыргыздар (73%ке жакын), алтайлар жана хакастар (64%), Испаниянын басктары (50%), кабардин-балкарлар (46%), пуштундар (44%) жана Тажикстандагы Памир тургундары 67- 69%.
Биздин заманга чейин болжол менен 3500-3800 жыл мурун пайда болгон R-Z2124 жана R-Z2125 генетикалык бутактары кыргыздардын 40%дан ашыгын түзөт. Ишенесизби, ишенбейсизби, ооган пуштундарында да 40% жогору. Белгилүү болгондой, пуштундар Ооганстандагы эң күжүрмөн, эр жүрөк калк.
Ушундай эле гаплогруппа кабардин-балкарларда (45%), карачай-черкештерде (70%), башкырларда (66%) басымдуулук кылат, Испаниянын согушчан басктары менен кантабриялыктары (50%). Алардын тили эле эмес, салттары да кыргыздарга абдан жакын.
Бул жагынан алып караганда, жогоруда аталган элдер кыргыздарга генетикалык жактан эң жакын. Арасында Испаниянын басктары да бар. Түрк тилдүү элдердин арасында балкарлардын, карачайлардын, башкырлардын жана алтайлыктардын генетикалык жакындыгын баса белгилей кетүү зарыл. Пуштун, баск жана черкестердин жакындыгы баарыбыз үчүн күтүүсүз маалымат. Кээ бир тарыхый маалыматтарга караганда, черкес элинин (керкес) аты кыргыз деген сөздөн келип чыккан.
Белгилей кетсек, бул элдердин баары тоолуу аймактарда жашашат, эр жүрөк жана көп кылымдар бою эгемендүүлүк, адилеттик үчүн күрөшүп келген жана күрөшүп жатышат.
Тарыхыбызды изилдөө менен бирге бул элдердин тарыхын билип, изилдеп, бөлүнүү процесси качан башталганын, эмне үчүн болгонун тактоо – мезгил талабы.
Ява аралындагы адыгейлер менен индонезиялыктар да кандайдыр бир деңгээлде кыргыздарга жакын элдер эсептелет.
Материал Кыргыз Республикасынын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаевдин баракчасынан алынды