Y-ДНК гаплогруппасы: фараон менен кыргыздардын генетикалык байланышы

Байыркы Египеттин фараондорунун ДНК анализи чектелүү болгон, бирок кээ бир изилдөөлөр, айрыкча падыша Тутанхамон жана анын үй-бүлөсүнүн генетикасын изилдөө алардын потенциалдуу гаплогруппалары тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарды. Тутанхамондун үй-бүлөсүн изилдөөдө ДНК тест төмөнкүдөй жыйынтыктарды берген:

2010-жылы изилдөөчүлөр Тутанхамон жана анын үй-бүлөсүндөгү башка эркектер Y-ДНК R1b1a2 гаплогруппасына таандык болушу мүмкүн деп божомолдошот. (R1a жана R1b гаплогруппалары бир эле линиялык R тобуна кирет. Алар эволюциянын жүрүшүндө пайда болгон ар кандай мутациялардын натыйжасы. Гаплогруппа R1a адатта Европанын жана Түштүк Азиянын популяциялары менен байланышкан, ал эми R1b Батыш Европада кеңири таралган. Ошентип, R1a жана R1b ата-бабасы бир деп билүүгө болот).

Бирок бул ачылыш талаш-тартыштарды жаратты. Сынчылар талдоо толук эмес болгон же контаминация болушу мүмкүн деген пикирлерин айтышат. Толук генетикалык ырааттуулук расмий жарыяланган жок жана айрым эксперттер бул гаплогруппа байыркы падышанын үй-бүлөсүнө таандык экендигинен шек санашат.

Кыргыздардын, алтайлыктардын жана хакастардын көпчүлүгүндө (63%тен 73%ке чейин) Y-ДНК гаплогруппасы (аталык линиясы) R1a жана R1b топторуна кирет. Ошентип, фараон Тутанхамондун падышалык үй-бүлөсү кыргыздар, алтайлар жана хакастарга (мурда бул элдердин баары өздөрүн кыргыз деп аташкан; “хакас” жана “хайгыяс” деген сөздөр кыргыздардын кытай диалектисинен келген) ата теги боюнча жакын тууган болгон деп айтууга болот.

Материал Кыргыз Республикасынын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаевдин баракчасынан алынды

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү