Улуу-Кыргыз Эл Республикасы. Кыргыздын улуулугу эмнеде?

Кыргызстан 2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин белгиледи. Анын түптөлүшү экономикалык жана маданий жактан жалпы биригүүгө өбөлгө түзүп, социалдык-экономикалык кайра түзүү жана элди бириктирүү процесстерин тездеткен.

Улуу-Кыргыз Эл Республикасы. Кыргыздын улуулугу эмнеде?

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүнө Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов өңдүү интеллигенция өкүлдөрүнүн салымы чоң.

Бул аталыштагы “кара” сын атоочу эмнени туюнткан? Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айбек Артыкбай Мухтар уулу өз пикирин билдирип, ал “Кыргыз Республикасы” деген аталышты “Улуу-Кыргыз Эл Республикасы” деп өзгөртүү менен тарыхый адилеттүүлүк орномок дейт.

Ал бул боюнча социалдык тармактардагы баракчасына жазып калтырган:

“2024 жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүнүн 100 жылдык мааракесин майрамдадык. Бул маанилүү майрамды кыргыз эли толук кандуу түшүнүп, баалай алдыбы? Бул суроону эмне үчүн берип жатканымдын себебин айтып берейин.

Кыргыз эли миңдеген жылдарды эмес, 10 миңдеген жылдарды карытып, бир муштумга түйүлгөн коом болуп, күчтүү мамлекеттүүлүктү түзүп жашап келген “Улуу” эл экенибизди ошол убактагы биздин эл башчыларыбыз айткысы келген.

1924-жылы эл башчыларыбыз “Кара-Кыргыз элбиз” деп дүйнөгө жар салганы – “Улуу-Кыргыз элбиз” деп айтканы!

Эски кыргыз тилинде “кара” деген сөздүн мааниси – “улуу” дегенди түшүндүргөн. Заманга жана мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө жараша акыркы жылдары биздин өлкөбүздүн туусун оңдодук, азыр мамлекеттик гимнди чыгаан акындар, тарыхчылыр жана композиторлор жазып жатат.

Ата-бабаларыбыз биздин элди “Кара-Кыргыз” же “Улуу-Кыргыз Эл” деп атагандай, эмнеге биз мамлекетибиздин атын да “Улуу-Кыргыз Эл Республикасы” деп өзгөртүп, тарыхый адилеттүүлүктү орнотуп, ата-бабаларыбыздын тилегине жеткирсек болбойт?

Менин ушул сунушумду Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровго, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз элине сунуштайт элем”, - деп жазган Айбек Артыкбай Мухтар уулу.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү