Абдул Кошалиевдин дүйнөлүк рингдеги ийгилиги
Бокс боюнча IBF International дүйнөлүк титулунун ээси Абдул Кошалиев дүйнөлүк рингдеги ийгилик жаратуу сырлары менен бөлүшүп, алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.
- IBF International уюму сизди жеңүүчү деп атаганда кандай эмоциялар болду?
- Алгачкы мүнөттөрдө аралаш сезимдер болду. Ал эми "кур эми меники" деген сезим, кийинчерээк, рингден чыккандан кийин келди.
- Бул беттештеги эң татаал учур кайсы болду?
- Эмоционалдык жактан оор болду. Бул алгачкы титулдук беттеш болгону үчүн моралдык жактан кыйналдым. Атаандашымдын да белгилүү боксчу болгону – кошумча оорчулук туудурду. Ал WBO версиясы боюнча дүйнө чемпиону Руслан Проводник менен беттешкен тажрыйбалуу спортчу эле.
- IBF International титулунун сиз үчүн канчалык мааниси бар?
- Бул кийинки максаттарга жетүүгө салынган көпүрө.
- Бул беттешке даярдык дагы өзгөчө көрүлсө керек?
- Негизи беттеш Москвада болушу керек эле, бирок белгилүү себептер менен өз мекенибизде өткөрүү чечими кабыл алынды. Даярдыктар Кыргызстанда болду, бардык талаптар жогорку деңгээлде аткарылып, өзгөчө даярдык болду деп айта алам.
- Бул жолдо сизди көбүрөөк ким колдойт?
- Ар тараптан колдоо бар – үй-бүлөмдөн баштап, мага жеңиш каалаган күйөрмандарыма чейин.
- Дүйнөлүк титулду кыялданган жаш спортчуларга кандай кеңеш бересиз?
- Бул суроого жөпжөнөкөй жооп берем: максатка жетүү үчүн тынбай эмгектенүү керек. Көбүрөөк машык, башкалардан айырмаланып тур. Ошондо гана бийик чокуларды багындырып, зор ийгиликтерге жетсе болот.
- Сиз үчүн эмне маанилүү: талантпы же дисциплинабы?
- Албетте дисциплина. Дисциплина жок болсо, канчалык талантың күчтүү болбосун, ийгилик жаралбайт.
- Беттеш алдындагы коркуу сезимдери менен кантип күрөшөсүз?
- Жаратканга болгон ишеним мага күч берет, Ал мага эмнени насип кылып койгон болсо, ошол буюрат. Ошондуктан коркуунун кереги жок. Бир аз толкундануу болот, албетте. Бирок рингге чыккандан кийин толкундануу да тарап кетет.
- Профессионалдык карьераңыздын башталышы менен спортко болгон көз карашыңыз өзгөрдүбү?
- Мен ышкыбоздук бокста көп беттешпедим, бирок Санкт-Петербург курама командасы менен көпкө чейин машыгып жүрүп, ал жакта түрдүү мамлекеттердин командалары менен спаррингдерди өткөрдүм.
Профессионалдык бокска келгенден кийин – экөө спорттун эки башка түрү катары сезилди: машыгуудан баштап, рингге чыкканга чейин.
- Сиздин фондуңуздун максаты кандай? Кандай программаларды ишке ашырып жатасыздар?
- Фонддун максаты – спорттогу балдарга жардам берүү, алардын максаттарын ишке ашырууга көмөктөшүү. Учурда Кыргызстанда "Күчтүүлөрдүн жолугушуусу" программасын даярдап жатабыз.
- Фонддун ишинде кандай кыйынчылыктарга туш болосуз?
- Баары биз пландагандай болуп жатат, мындан ары да ушундай болот деп Жараткандан тилек кылам.
- Максаттарга жетүү үчүн дем-күчтү кайдан аласыз?
- Максатымды көрүп турганым үчүн тоскоолдуктарды көрбөйм. Спортчулар мени түшүнөт. Менин кыялдарым, максаттарым – эмгектенүүгө арзыйт.
- Карьераңыздагы эң оор учур?
- 2023-жылы Ташкентте Рамзан Ахматович Кадыровдун туулган күнүнө арналган турнирде беттешүүм керек эле. Даярдык оор болуп, травма көп алдым. Ооруп да калгам. Ага карабастан аба майданына баргам. Бирок учуп кете алган жокмун. Мына ошондо моралдык жактан аябай кыйын болду, бирок аны жеңдим, Аллага шүгүр.
- Спортко байланышпаган максаттарыңыз кандай?
- Максаттар абдан көп, убактысы келгенде ачыктайбыз.
- Карьераңызда кайсы беттешти эч качан унутпайсыз?
- Титулдук беттешти, анткени моралдык жактан оор болду: жоопкерчилик чоң, такыр башка деңгээл.
- Карьераңыздын башында өзүңүзгө өзүңүз кандай кеңеш берет элеңиз?
- Машыгууга көп убакыт бөлөт элем.